Путин менен Трамп 2,5 сааттай сүйлөштү
Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондук сүйлөшүүсү аягына чыккандыгын Ак үйдөн кабарлашты.
Алар дээрлик 2,5 сааттай сүйлөшүшкөн.
Путин Трамптын Россия менен Украинанын энергетикалык инфраструктурага сокку уруудан 30 күндүк өз ара баш тартуу идеясын колдоду жана мындай буйрукту аскерлерге берди;
РФнын президенти Киевдин сүйлөшүүгө жөндөмсүздүгүнө байланыштуу 30 күндүк ок атышпоого байланыштуу «бир катар маанилүү пункттарды» белгиледи;
Путин Трампка Россия украин аскерлери Курск аймагында багынып беришсе, алардын өмүрүнө жана аларга татыктуу мамиле кылууга кепилдик берерин ырастады;
Путин Трампка 19-мартта россиялык жана украиналык тараптардын ортосунда 175тен 175ке туткун алмашуу болорун билдирди;
Россия жана АКШ украиналык жөнгө салуу боюнча эксперттик топторду түзүшөт;
Россия Киевке оор жараат алган украиналык 23 аскерди өткөрүп берет.
