Улуттук госпиталь тез жардам унаасы менен камсыз болду
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга заманбап тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Унаа «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» ЖЧК компаниясы тарабынан тартууланды.
Салтанаттуу тапшыруу аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнөв, ОсОО «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» компаниясынын башкы директору Чжоу Минь мырза жана госпиталдын жамааты катышты.
Министрдин орун басарынын айтымында, бул белек – өлкөдөгү эң ири медициналык мекемелердин бири болгон Улуттук госпиталдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошулган маанилүү салым. Бул тез жардам унаасы мекемедеги медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын өркүндөтүп, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн бир топ кеңейтет.
«Бул биздин үчүн жөн гана унаа эмес – дагы көптөгөн өмүрлөрдү сактап калуу мүмкүнчүлүгү. Өнөктөштөрүбүзгө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай демилгелер ар бир жаран үчүн сапаттуу медициналык жардамды жакындатат», — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнөв.
Маалымат үчүн:
ОсОО «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» компаниясы 2022-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк кызматташтыктын алкагында түзүлгөн. Компаниянын ишмердүүлүгү мамлекеттик медициналык мекемелерге инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Атап айтканда, компания организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоого мүмкүндүк берген акыркы муундагы компьютердик томографтарды жигердүү киргизип келет.
