Нотариус: Ата-энеден калган мүлккө кимдер мураскор боло алышат?
6 июль

Нотариус: Ата-энеден калган мүлккө кимдер мураскор боло алышат?

Адам кандай учурда керээз калтыра алат жана кимдерге? А эгер каза болгон адам керээз калтырууга үлгүрбөсө, мураскорлор андан калган мүлктү кантип бөлүштүрө алышат? Бул боюнча  Бишкек шаардык нотариалдык округунун жеке нотариусу Гүлзат Бакас кызы “Биринчи радиого” берген маегинде түшүндүргөн.

Айтымында, мурас иши адам каза болгондон кийин ачылат. Биринчи кезекте нотариустар маркум керээз калтырганбы – аны карашат, эгерде керээз жок болсо, анда мүлктөрдү мыйзам чегинде бөлүштүрүүгө өтүшөт.

“Керээз – бул адамдын акыркы каалоосу, аны каалаган адамына (тууганы же тууган эмес), каалаган учурунда калтыра алат. Илгери адам каалоосун оозеки билдирген, а азыр ал жарабайт, оозеки керээздин юридикалык күчү болбойт, ошондуктан нотариус аркылуу тастыкташы керек”, – деди ал.

Ошондой эле Гүлзат Бакас кызы белгилегендей, керээзди адам өзү каалагандай түзө алат: мисалы, бир баласына азыраак мүлк, бирөөсүнө көбүрөөк же баарына бирдей бөлүштүрөт, ал турмак балдарынын бирин мурастык укуктан четтетип да кое алат. Андан сырткары, эгерде мураскор мурас калтыруучу менен чогуу жашабаган болсо, анын көзү өткөндөн кийин алты айдын ичинде өзү жашаган аймакка караштуу нотариалдык округга кайрылууга тийиш. Эгерде 6 айдан кийин кайрылса, мурас бөлүштүрүү укугунун мөөнөтүн өткөрүп жиберет жана андан ары сот аркылуу такташууга аргасыз болот.

Жеке нотариустун айтымында, мураска кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү, накталай акчаларды жана банк эсептериндеги каражаттарды калтыруу мүмкүн.

Ошол эле маалда кыргызда эзелтен жазылбаган мыйзам бар: кичүү балага үй калат. А Бакас кызынын айтымында, балдардын баары ата-энеден калган мүлккө бирдей мураскорлук укукка ээ болот. Ал турмак адам каза болгондо жубайынын боюнда бала калса, ал бала да мураскорлор тизмесине кирет.

Дагы бир маанилүү жагдай, Гүлзат Бакас кызынын айтымында, аты-жөндүн так келиши.

“Союз маалында аты-жөндү жазууда көп айырмачылыктар кетирилген. Мисалы, мурасты бөлүштүрүүдө маркумга жакындыгы бар делген адамдарды жеке документтери боюнча аныктайбыз. Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө, мисалы, атасынан калган мүлктү бөлүштүрүшсө, атасы деген графада маркумдун аты-жөнү туура жазылышы керек. Жубайын болсо нике тууралуу күбөлүк аркылуу тастыктайбыз. Эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүктө атасынын аты туура эмес жазылып калса, аны Калкты тейлөө борбору да оңдоп бере албайт, бул бир гана сот аркылуу чечилчү маселе”, – деди ал.

Ошондой эле ал мыйзам боюнча, асырап алган бала дагы мураскорлор катары кабыл алынаарын кошумчалады.