Башкы прокурор Ош облусунун тургундары менен жолугушту
2024-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.Асаналиев жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуу жана алардын арыз-кайрылууларын кабыл алуу максатында Ош облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жарандар негизинен жер маселелери, ишкерлердин мыйзамсыз ишмердүүлүгү, мамлекеттик мекемелердеги мыйзам бузуулар жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу кайрылышты. Башкы прокурор ар бир маселе мыйзам чегинде каралып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтты.
Ошондой эле, М.Асаналиев жергиликтүү прокуратура кызматкерлеринин иш шарттары жана административдик имараттары менен таанышып, социалдык турмушту жакшыртуу чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Ал прокурорлорду жоопкерчиликтүү иштөөгө жана мыйзамдуулукту камсыздоого чакырды.
