Ош ОИИБ: Түнкү рейд учурунда 380 укук бузуу протоколу түзүлдү
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жайкы туристтик мезгилде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө ” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында түнкү рейддерди улантууда.
Үч күндүк түнкү рейд учурунда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин беренелери боюнча жалпы 380 (үч жүз сексен) административдик протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. 30 (отуз) жаран ички иштер органдарына жеткирилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кызматкерлер түн ичинде ата-энесинин коштоосу жок, өз алдынча топтошуп жүргөн балдарды, коомдук жайда спирт ичимдигин ичип, мас абалда жүргөндөрдү, унааларга жасалма үн чыгаргыч орнотуп алгандарды, скутер жана мопед башкарып, жол эрежесин бузгандарды жана башка коомдун тычнтыгын бузган жат көрүнүштөрдү аныктап, аларга карата мыйзамдуу чараларды колдонуу боюнча иш алып барышууда.
Иш-чаранын максаты - жарандардын түнкүсүн тынч эс алуусун камсыз кылуу, укук бузуунун жана кылмыштулуктун алдын алуу болуп эсептелет.
