Башкы прокуратура ишкердин салык карызын эсептен чыгарууга болгон укугун калыбына келтирди
25 сентябрь

Башкы прокуратура ишкердин салык карызын эсептен чыгарууга болгон укугун калыбына келтирди

Башкы прокуратура салык органынын кызматкерлери тарабынан ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбоо фактысын аныктады.

Атап айтканда, “П” ЖЧКсынын 950 миң сомдон ашык салык карызы калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу жаатындагы мыйзамдарына ылайык эсептен чыгарылууга тийиш экени аныкталып, бирок компаниянын бир нече жолку кайрылууларына карабастан аны эсептен чыгаруу боюнча өз убагында чаралар көрүлгөн эмес жана салыктык администрациялоо маалымат системасы аркылуу компаниянын ашыкча төлөмдөрүнөн аталган карызды төлөөгө чегерилген.

Прокурордук чара көрүү актысын кароонун жыйынтыктары менен Бишкек шаарынын тиешелүү салык органы тарабынан белгиленген салыктык карыз эсептен чыгарылды жана Мамлекеттик салык кызматы ашыкча төлөнгөн суммадан автоматтык түрдө эсептен чыгарууга жаткан салык карыздарын жабууну мындан ары болтурбоо чараларын көрдү.

Башкы прокуратура ишкердик субъектилеринин укуктарын коргоону жана мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдуу талаптардын так аткарылышын камсыз кылууну улантууда.