Жалал-Абаддагы "Береке" базарынан чыккан ири өрт чектөөгө алынды
Жалал-Абад шаарындагы "Береке" базарынан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Жалынды өчүрүүгө жерине жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлү менен куткаруучулардын күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында тилсиз жоо саат 11:10до чектөөгө алынды.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрттүн жалпы аянты, келип чыгуу себептери жана башка маалыматтар такталууда.
