Алай районунда катуу жаандын кесепетинен турак үйлөрдү суу каптады
ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы
28 апрель

Алай районунда катуу жаандын кесепетинен турак үйлөрдү суу каптады

Алай районунун Гүлчө шаарынын аймагында 27-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кыска мөөнөттө кокту-колоттордон сел жүргөн.

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан кабарлашкандай, натыйжада жалпы 25 үйдүн короосун сел суулары каптаган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө “Айгай” жарыяланып, жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Тазалоо иштерине Алай райондук ӨК бөлүмүнөн 20 куткаруучу, 1 мотопомпа, ЖК кызматтарынан 10 кызматкер, 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок, абал туруктуу.