Сак болуңуз! Ысык-Көл жана Баткенде сел жүрүшү ыктымал
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 сентябрь

Сак болуңуз! Ысык-Көл жана Баткенде сел жүрүшү ыктымал

Ысык-Көл жана Баткенде сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 25-26-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу бар.

Арык системаларын тазалоо иштерин жүргүзүү сунушталат. Ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоо эскертилет.