Эми электрондук визаны болгону 7 жумуш күн ичинде алууга болот
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы №268 «Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Министрлик тарабынан «Бирдиктүү терезе» принцибинде «Бирдиктүү уруксат» берүү боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке киргизилди.
Жаңы система уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн талап кылынган убакытты кыйла кыскартат. Мурдагы көп баскычтуу процесс 3-4 жума убакыт алса, эми бардык документтер толук берилген шартта «Бирдиктүү уруксатты» «Электрондук виза» порталы аркылуу болгону 7 жумуш күн ичинде алууга болот.
«Бирдиктүү терезе» принциби менен кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугуна оң таасирин тийгизип, бизнес жана инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртат. Уруксат алуу жол-жобосунун жөнөкөйлөтүлгөн жана ачык-айкын болушу административдик тоскоолдуктарды азайтууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жакшыртууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле Министрлик белгилегендей, бул жол-жобону киргизүү бир күндүк компаниялардын ишмердиги менен байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга жана өлкөнүн миграциялык коопсуздугун күчөтүүгө шарт түздү.
Кыргыз Республикасында эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдаштыруусу кыйла өстү. Процедуралардын жөнөкөйлөтүлүшү өлкөдө мыйзам чегинде иштеп жаткан чет өлкөлүк жумушчулардын санынын көбөйүшүнө алып келет, бул өз кезегинде салыктык жана башка төлөмдөрдүн өсүшүн шарттайт.
Белгилей кетсек, долбоор ишке киргизилгенден бери (2 айдын ичинде) Министрлик тарабынан 5 миңден ашуун «Бирдиктүү уруксат» өтүнмөсү оң каралып, таризделди. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, каралган өтүнмөлөрдүн саны үч эсеге аз болгон, бирок уруксат берүү үчүн алынган жыйымдардын өлчөмү беш эсеге көбөйдү.
Мындан сырткары, Министрлик Кыргыз Республикасынын визасына талапкерлер эми шашылыш тартипте кайрылып, тариздөө кызматын 1 жумуш күн ичинде алса боло тургандыгын эскертет.
Ушуга байланыштуу, Министрлик ортомчулардын кызматтарын колдонбоону сунуштайт. Визаларды алуу тартиби боюнча бардык маалыматтарды расмий байланыш каналдары аркылуу алууга болот.
Расмий маалымат алуу үчүн төмөнкү ишеним телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз:
* +996 999 312 002 (режим 24/7)
* +996 703 42 88 65 (Визалык иштер сектору)
Ошондой эле, арыз ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн Министрликтин Консулдук департаментинин расмий Instagram баракчасында (@visacenterkg) «Электрондук виза» порталын колдонуу боюнча видео жана фото-нускама жайгаштырылган.
Толук маалымат алуу жана ыкчам жардам үчүн көрсөтүлгөн номерлерге же төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, №10.
