Ош ШИИБ: Жаш кызга карата туура эмес мамиле жасаган агайга чара көрүлдү
12 июль

Ош ШИИБ: Жаш кызга карата туура эмес мамиле жасаган агайга чара көрүлдү

9-июль күнү интернет булактарында Ош шаарынын аймагында жаш кызга карата орой мамиле жасагандыгы тууралуу видеоматериал тараган. Бул окуяны териштирүү үчүн Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлумү тарабынан ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, бул окуяга тиешеси бар тараптар аныкталган жана жабырлануучу тараптан арыз алынган. Текшерүү иштери башталган.

Ошол эле күнү 9-июлда бул окуяга тиешеси бар, жаш кызга карата орой мамиле жасап, туура эмес мамиле жасагандыгы үчүн Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Ош шаарыны тургуну, Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштеген 1972-жылы туулган жаран алынып келинген. Ал мас абалда болгондуктан убактылуу кабыл алып, бөлуштүрүүчү жайга киргизилген. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) протокол түзүлгөн. Кармалган 1972-жылы туулган С.К. мас абалда туура эмес сүйлөп алгандыгын айткан.

10-июль күнү Ош шаарынын сотунун чечими менен 1972-жылы туулган С.К.га карата 5500 өлчөмүндөгү жазана салынды.

Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлумү тарабынан аймактык тескөөчүлөргө С.К.нын жүрүм-турумун катуу көзөмөлгө алып туруу тапшырмасы коюлду.