Баткенде турак үйдөн өрт чыкты
Баткен облусундагы Айдаркен шаарында турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылды.
"Саат 7:43тө чектөөгө алынган тилсиз жоону өрт өчүрүүчү куткаруучулар тарабынан саат 8:55те толугу менен өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
