Жанарбек Акаев Ош шаарындагы жалгыз ардагерден кабар алды
Бүгүн, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 81 жылдыгына карата Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев орук ардагери 98 жаштагы Тажикан Мадимаровадан кабар алып, Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.
Калаа башчысы кыйын күндөрдү башынан кечирип, бүгүнкү тынч жашоого салымын кошкон ардагерлер майрам күндөрү эле эмес, ар дайым көңүл борборунда экенин айтып, ардагерге ден соолук каалады. Ошондой эле акчалай сыйлык менен белектерин тапшырды.
Тажикан Мадимарова 1928-жылдын 26-январында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш маалында тылда эмгектенип, “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы талыкпаган эмгеги үчүн” медалы жана бир нече юбилейдик медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында жана андан кийин “Кызыл Пахтачы” колхозунда эмгектенген.
Ардагердин 10 баласы, 37 небере, 119 чебере, 12 кыбырасы бар.
