«Өлбөс полк»: Ошто миңге чукул тургун баатырлардын сүрөтүн көтөрүп чыкты
Ош мэриясы
9 май

«Өлбөс полк»: Ошто миңге чукул тургун баатырлардын сүрөтүн көтөрүп чыкты

Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы Ош шаарында салтка айланган «Өлбөс полк» жүрүшү менен башталды. Эрте менен шаардын негизги Алымбек Датка көчөсүн бойлой Борбордук аянтка чейин миңге чукул калаа тургуну чогулуп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң аталарынын, жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүштү.

Жүрүшкө Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозалиев, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин да катышты. Мэр жүрүшкө Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин сүрөтүн көтөрүп чыкты.

Жүрүштөн соң өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын соңунда калаа тургундарына майрамдык маанай тартууланып, концерт уюштурулду.