Кыргызстан менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда эки келишимге кол коюлду — тизме
19 июнь

Кыргызстан менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда эки келишимге кол коюлду — тизме

Брюссель шаарындагы Бенилюкс Секретариатында 18-июнда Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия, Нидерланддар, Люксембург) ортосунда эки келишимге кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кол коюлган документтер:

  • Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда жарактуу дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө Келишим;
  • Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда уруксатсыз кирген же жүрүп жаткан адамдарды кайтаруу (реадмиссия) жөнүндө Келишим.

Кыргыз Республикасынын атынан документтерге Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Эркин кол койду. Бенилюкс тараптан — Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук маселелер боюнча башкы директору, ошондой эле Нидерланддар менен Люксембургдун элчилери кол коюшту. Кол коюу аземи келишимдердин депозитарийи болуп саналган Бенилюкс Башкы катчысынын катышуусунда өттү.

Кол коюлган келишимдер конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгы болуп, расмий байланыштарды өнүктүрүүгө, миграцияны башкаруу жаатында практикалык кызматташууга жана региондук коопсуздукту бекемдөөгө багытталган.

Бул келишимдер Бенилюкс мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүдө маанилүү роль ойнойт.