ОшМУнун алдына Ала-Тоо породасындагы кыргыз коюнун эстелиги тургузулду
ОшМУнун алдына Ала-Тоо породасындагы кыргыз коюнун эстелиги тургузулду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-апрелде Ошто эт-май багытындагы жаңы Ала-Тоо породасындагы кыргыз койлорун өнүктүрүү боюнча ОшМУнун чоң жыйындар залында биринчи эл аралык илимий-практикалык конфереция өттү.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, Ош шаарынын мэринин орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү, кошуна өлкөлөрдөн чакырылган илимпоздор жана фермерлер катышышты.
Алгач Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, физкультура, туризм жана агрардык технологиялар институтунун алдында Ала-Тоо койлорунун скульптурасы салтанаттуу түрдө ачылып, андан соң жалпы коноктордун катышуусунда илимий-практикалык конфереция менен уланды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү иш-чаранын жүрүшүндө жаңы Ала-Тоо породасындагы койлорго патент алууга укук берилгендигин эске салды.
Белгилей кетсек, түштүк аймагында чыгарылган эт-май багытындагы Ала-Тоо породасы жергиликтүү кыргыз койлоруна гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган.
