Октябрь РИИБдин кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүүнү кармашты
19 июнь

Октябрь РИИБдин кызматкерлери адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүүнү кармашты

2025-жылдын 18-июнунда 102 кызматына Бишкектин 7-кичи районунун короосунда адам бычакталганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда факт такталып, жабырлануучунун өздүгү, 1983-жылы туулган К.Т. экени аныкталган. Андан соң ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бардык керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренесине (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу, өзгөчө мыкаачылык менен бейбаштык максатта) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.