Жаңы Эмгек кодекси: өзгөчөлүгү эмнеде? 
4 август

Жаңы Эмгек кодекси: өзгөчөлүгү эмнеде? 

2025-жылдын январь айында Кыргызстандын Эмгек кодексинин жаңы редакциясы ишке кирди. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров коллегияда эски жана жаңы кодекстердин айырмачылыгына токтолду. 
Ал белгилегендей:

Мурдагы 2004-жылкы кодекс 9 бөлүмдөн, 44 главадан жана 446 беренеден турган. 

Жаңы кодексте 6 бөлүм, 23 глава жана 265 берене каралган.  

36 берене башка мыйзамдарга өткөрүлдү, 11 берене алынып салынды, 126 берене бириктирилди.   

Кодекске алыстан жана аралаш иштөө сыяктуу жаңы формалар, майыптыгы бар адамдар жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо (жумушка жарамдуулардын саны 35 адамдан кем эмес болсо, алардын 3 пайызы) сыяктуу нормалар киргизилген.

Анын негизинде өлкөбүздө заман талабына ылайык эмгек мамилелерин жакшыртуу максатында 18 ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты.