Жалал-Абадда базардан ири өрт чыкты, жеринде төрт бөлүм иштөөдө
Жалал-Абад шаарында алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 19-июнда Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан Береке базарынан ири өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды.
Ошондой эле тез жардам кызматынан 1 бригада жана КР ИИМден кызматкерлер жерине тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
