Кыргызстан жана Россия ички иштер чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүнү күчөтүүдө
28 ноябрь

Кыргызстан жана Россия ички иштер чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүнү күчөтүүдө

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын жана Россиянын Ички иштер министрлеринин ортосунда эки тараптуу жолугушуу боуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМ билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Россия Федерациясынын ички иштер министри Владимир Колокольцев кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, трансулуттук кылмыштуулукка каршы чараларды жана биргелешкен аракеттерди координациялоону талкуулашты. Сапардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Расмий иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздашты.