Бишкекте мыйзамсыз медициналык жеке клиникалар жана дары-дармектер аныкталды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салыктык текшерүү учурунда мыйзамсыз медициналык дары-дармектерди жана буюмдарды, ошондой эле тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан жеке клиникаларды аныкташты.
Тактап айтканда, борбордогу жеке медициналык клиникалардын бирин текшерүү учурунда ар түрдүү медициналык дары-дармектер жана буюмдар, анын ичинде баштапкы документтери жок медициналык жабдуулар табылган.
Ошондой эле, аталган клиника ишмердүүлүгүн салыктык каттоосуз жана тиешелүү лицензиясыз жүргүзүп келгени аныкталды.
Мындан тышкары, фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиясыз жүргүзгөн Б.А.М. аттуу башка жеке ишкерге таандык кампадан Кыргыз Республикасынын медициналык буюмдар реестрине киргизилбеген медициналык дары-дармектер табылган. Текшерүү учурунда дары-дармектердин кутуларына «медициналык буюм» деген оригиналдуу марканын үстүнөн «косметикалык каражат» деген этикеткалар чапталгандыгы да белгилүү болгон.
Салык кызматынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жалпы суммасы 5,2 млн сом калдык алынган.
