Парламенттик шайлоо. Бекматов: Кандай учурда БШК талапкерлерди каттабай коюуга укуктуу
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул жаңы мыйзамдын негизинде өткөрүлчү биринчи шайлоо болуп калат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов жаңы мыйзам шайлоо системасын кандай өзгөртөөрү тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде түшүндүрдү.
Айтымында, жаңы мыйзам боюнча, 30 көп мандаттуу округдан парламентке 90 депутат шайланып келет. Анын 30 пайыздан кем эмеси башка жыныстагылар болууга тийиш.
“Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруудан сырткары, өкүлчүлүк функциясын аткарган орган. Өкүлчүлүктү камсыз кылуу максатында, депутаттардын 30 пайыздан кем эмеси аялдар болушу шарт. Буга чейин аялдардын квотасы жакшы сакталбай, ал турмак жалаң эркектерден турган чакырылыштарды да көргөнбүз. Ошондуктан, жаңы мыйзамда талапкерлердин теңдиги каралды”, – деди Бекматов.
Ошондой эле, ал белгилегендей, президент шайлоо күнүн белгилеген жарлыкка кол койгондон кийин БШК 5 календарлык күн ичинде 30 көп мандаттуу шайлоо округдарынын чек араларын чийип, бекитет. Мына, ошол күндөн тартып өзүн өзү көрсөтүү же саясий партиялар тарабынан көрсөтүү жолу менен талапкерлерди жылдыруу башталат. Бекматов кошумчалагандай, ар бир талапкер же саясий партия талапкердигин көрсөтүүдөн мурда, шайлоого катышуу ниетин БШКга билдириши зарыл.
Андан ары талапкерлер көрсөтүлөт, бул шайлоо округдарынын чек аралары бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 30 күн калганга чейин созулат. Бул саясий партияларга да, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге да тиешелүү.
Андан сырткары, БШК мүчөсү түшүндүргөндөй, саясий партияларга бир топ чектөөлөр, жол жоболор киргизилген.
“Мисалы, саясий партиялар ар бир округда бирден ашык талапкер көрсөтө албайт. Ооба, алар кааласа 30 округдан талапкерин чыгара алышат, бирок бир округга бир гана талапкери болушу шарт. Ошондой эле, саясий партияларга коюлган талаптар – талапкерлеринин 30 пайызы, башкача айтканда, ондон кем эмеси башка жыныстагылар болушу керек. Мисалы, 30 талапкердин отузу тең эркек же аялдар болсо болбойт. Аялдар партиялары да бар эмеспи, аларда да сөзсүз түрдөн ондон кем эмес мырзалардын катышы болушу кажет”, – деди БШК мүчөсү.
Ал кошумчалагандай, дагы бир талап – пассивдүү шайлоо укугу, башкача айтканда, добуш берүү күнүнө карата 25 жашка чыга элек жарандар талапкер боло алышпайт. Саясий партиялардын талапкерлерине да, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге да башкы талап – Кыргызстандын жараны болууга тийиш.
“Саясий партияларга чектөө, талаптар көбүрөөк деп айтпадыкпы, анын бири – талапкер катары өздөрүнүн мүчөлөрүн же эч бир партияда жок жаранды жылдыра алышат. Бир партия башка бир партиянын мүчөсүн талапкер катары жылдыра албайт. Андан сырткары, саясий партиялар кезексиз съезддеринде талапкерди жашыруун добуш берүү аркылуу бекитиши керек”, – деди.
Бекматов кошумчалагандай, эгерде жогоруда айтылган талаптар сакталбаса, БШК талапкерди каттабай коюуга укуктуу.
