Баткенде автохулигандык кылган жаранга камера аркылуу айып пул салынды
28 ноябрь

Баткенде автохулигандык кылган жаранга камера аркылуу айып пул салынды

Баткен шаарында жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан айдоочу “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео байкоо камералары аркылуу аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылды.

2025-жылдын 27-ноябрь күнү түнкү убакта белгисиз айдоочу автоунаасын атайылап ышкыртып, коопсуздукту эске албастан жолдо айлантып айдаган. Бул факт Баткен ОИИБинин көзөмөлүнө алынып, камера жазууларынын негизинде шектүү жаран кыска убакытта аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан айдоочуга Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарына ылайык тиешелүү айып пул салынды.

Баткен ОИИБи жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, автохулигандык аракеттерден алыс болууга чакырат. Мындай мыйзам бузуулар мындан ары да видео байкоо жана ыкчам көзөмөл аркылуу катталып, тиешелүү чаралар көрүлө берет.