Сокулук районундагы Александровка-Асылбаш унаа жолу асфальтталат
22 апрель

Сокулук районундагы Александровка-Асылбаш унаа жолу асфальтталат

Сокулук районундагы Александровка-Асылбаш унаа жолунун 2,5 чакырымы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда аймакты караган №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 14-16,5-чакырымдар аралыгында жер иштери жүрүп, жолдун негизи даярдалып жатат.

Белгилей кетсек, жалпы узундугу 16,5 чакырымды түзгөн Александровка-Асылбаш жолунун былтыр 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.

Жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.