Кыргызстан боюнча билим берүү уюмдарында зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар өтүүдө
4 декабрь

Кыргызстан боюнча билим берүү уюмдарында зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралар өтүүдө

Кыргызстан боюнча билим берүү уюмдарында балдардын укугун коргоо, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча билим берүү кызматкерлеринин арасында тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт. 

Учурда Кыргызстан боюнча менчигинин түрлөрүнө жана формаларына карабастан бардык билим берүү уюмдарында балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында комплекстүү окутуулар, семинар, жыйналыштар, жөө жүрүштөр, акциялар уюштурулууда.

Ошондой эле, балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыз кылууга багытталган инструкциялар иштелип чыгууда жана алар аткарууга алынат.