“Бала ырысы” ишке кирди: Ош облусундагы үй-бүлөлөргө колдоо күчөйт
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
1 июнь

“Бала ырысы” ишке кирди: Ош облусундагы үй-бүлөлөргө колдоо күчөйт

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 1-июнда “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулун ишке ашыруу боюнча көчмө кеңешме болду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жетектеди.

Кеңешмеге КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Максуда Айдарбекова, райондук социалдык башкармалыктардын башчылары катышты. Райондук администрация башчыларынын орун басарлары онлайн кошулду.

Жыйында 3 жашка чейинки балдарды колдоо механизмдерин ишке ашыруу, калкты маалымдоо жана жөлөк пулду өз убагында дайындоо тапшырылды.

“Бала ырысы” долбоору үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо жана балдардын бакубат өсүшүнө багытталган.