Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарында курулган кызматтык үйлөр менен таанышты
11 апрель

Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарында курулган кызматтык үйлөр менен таанышты

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарынын Т. Тайгараев аймактык башкармалыгында курулган кызматтык үйлөрдүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, аталган 11 турак үйдүн курулушу өткөн жылы аяктап, бирок сырткы коммуникациялык жана ички жабдуулар менен камсыздоо иштери толук аягына чыккан эмес.

Өкүл мындагы жумуштардын солгундугун сынга алып, маселени жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча район, шаарларда жалпы 65 кызматтык үй курулуп, басымдуу бөлүгү колдонууга берилген. Курулуш иштери Президенттин иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, мамлекеттин кызматкерлерге жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.