Кеминде жайлоого кетип, дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды
4 декабрь

Кеминде жайлоого кетип, дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды

Чүй облусунун Кемин районунда жайлоого кетип, дайынсыз жоголгон 1981-жылы туулган Ш.М., аттуу жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, изделип жаткан жаран 29-ноябрда Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Буга чейин маалым болгондой, жайлоодо сарайда турган досуна кеткен бойдон өзү дайынсыз болуп, аты кайтып келгени тууралуу маалымат 1-декабрда "102" кызматына түшкөн. Ал эми ӨКМге ИИМ тарабынан 2-декабрда билдирилип, ошол убакыттан бери издөө улантылып келген.