Бишкекте блогер акча издөөнүн жапырт акциясын уюштурду
12 июль

Бишкекте блогер акча издөөнүн жапырт акциясын уюштурду

2025-жылдын 7-июль күнү, социалдык тармактарында мониторинг жүргүзүү учурунда, “тапсан сеники” “Инстаграм” баракчасынын активдүү колдонуучусу, жарандар, шаар ичинде катылган баалуу буюмдарды издеп чогулуп жатканы боюнча видео жарыялаган. Бул видео жаштар арасында туура эмес таасир жаратып, инсандар аралык конфликттер же маданий карама-каршылыктарды алып келип, агрессияны жана сабырсыздыкты козгоп кээ бир учурларда чыныгы кагылышууларга түрткү болуп, адамдын психикасына да зыян келтириши мүмкүн.

Аталган факт, Бишкек ш. ИИББнын МЭЖге катталып, тергөө иштери башталган.

Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1993-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жаран аныкталып, Бишкек ш. ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилген.
Ал жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары коомчулукта терс таасирин тийгизген маалыматтарды социалдык тармактарга жарыя кылбоого убада берген.

Көңүл буруңуздар!!!

Борбордук милиция, бардык социалдык тармактардын колдонуучуларын ачык маалымат жарыялоодо жоопкерчиликтүү болууга жана этиканын нормаларын сактоого чакырат.

Социалдык тармактарда таралган маалыматтар жарандардын коомдук пикирине жана жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин эскертет.

Мындай терс маалыматтарды таратуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.