Бишкекте изделип жаткан 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды: экспертиза дайындалды
7 июнь

Бишкекте изделип жаткан 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды: экспертиза дайындалды

Бишкекте 3-июнда болжол менен саат 23:00дө Мичурин көчөсүндөгү үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Т.Б., аттуу кыздын сөөгү табылды. 

Свердлов райондук милициясынан кабарлашкандай, кыздын издөө ишине тиешелүү кызматтын кызматкерлери тартылган.

7-июнда ӨКМдин кызматкерлери кыздын сөөгүн табышкан. Алдын ала маалыматка ылайык, маркумдун денесинде күч колдонуу белгилери жок. 

Аталган факт маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. 

Териштирүү иши уланууда.