Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары болуп өттү
2025-жылдын 30-июнунан 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасына Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин расмий сапар менен келди.
Өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик кызматташуусунун саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык диалогдун артыкчылыктуу багыттарын камтыган маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды. Бул жаатта 2025-жылдын март айында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.
Тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алмашып, БУУ, КМШ, ЖККУ жана башка көп тараптуу форматтардын алкагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.
Министрлер Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин тарыхый маанисин дагы бир ирет баса белгилешти. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жыйынтыкталышы туруктуу тынчтыкты, жакшы коңшулук мамилелерди жана аймактык туруктуулукту камсыз кылууга негиз болору айтылды.
Сүйлөшүүлөрдүн учурунда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделген диалогду бекемдөөнүн зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун быйыл Тажикстан Республикасына боло турган мамлекеттик сапарына даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын коңшулук жана өз ара урматтоо маанайында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө болгон өз ара умтулуусун ырасташты.
