Кара-Кулжадагы Тар дарыясына 8 жаштагы бала түшүп кеткен. Издөө ишине 116 адам тартылды
22 апрель

Кара-Кулжадагы Тар дарыясына 8 жаштагы бала түшүп кеткен. Издөө ишине 116 адам тартылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына 8 жаштагы бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Издөө ишине бүгүн, 22-апрелде жалпы 116 адам тартылган.

Белгилей кетсек, кырсык 20-апрелде катталган, азырынча издөө ишинен натыйжа жок.

Кошумча маалымат берилет.