Ош: Жапалак айылында дагы бир ФАП ачылды 
4 декабрь

Ош: Жапалак айылында дагы бир ФАП ачылды 

Бүгүн Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Орке айылындагы Курманжан-Датка 15 көчөсүндө фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАПтын) жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, социалдык имарат менен Оштун мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, мурунку ФАПтын имараты авариялык абалда болгодугуна байланыштуу 2023-жылы жеке жарандын үйүнө көчүрүлүп, иштеп келген.

ФАПтын жаңы имаратынын курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталып, анда ага керектүү болгон бардык жабдуулар орнотулуп, төрт ай ичинде толугу менен аягына чыкты. Мында дарылоо, эмдөө, акушер-гинекологтун, терапевттин бөлмөлөрү, откана бар.