Кыргызстанда бир жумада 14 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 4-ноябрдан 10-ноябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 384 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-389;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -200;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-36;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-336;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2454;
-Авто ээнбаштык -7;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2965;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –7994;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1066 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
