Баткенде автогазоблок заводунун курулушу 80% аяктап калды
Баткенде автогазоблок заводунун курулушу 80% аяктап калды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, быйыл облуста алты ири өндүрүш ишканасын ишке киргизүү максатталган. Алардын катарында Кадамжай районундагы автогазоблок заводу бар.
Учурда заводдун курулуш иштери 80% бүткөрүлгөн. Бул ишкана герман технологиясы менен курулуп жаткан Кыргызстандагы алгачкы газобетон заводу болуп саналат.
Ички инвесторго тийиштүү колдоолор көрсөтүлүп келет.
Долбоор КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча КЕҢЕШинде каралып, заводду куруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 5,0 га жер аянты ажыратылган.
Мындан сырткары, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каражат берилген.
Бул өндүрүш ишканасынын курулушу менен биринчи кезекте жергиликтүү эл дүйнөлүк стандартка жооп берген жогорку сапаттагы курулуш материалын пайдалана алат. Биринчи этапта эле 150дөй жумуш орду түзүлөт.Экинчи этапта жалпы 200дөй жумушчу алынат.
Ишканага сырье Кадамжай районунун Кан айылынан ташылып келинет.
Ишкананын сметалык баасы 14,5 млн. АКШ долларын түзөт. Кубаттуулугу жылына 160 миң куб метр продукция.
Газобетон- кирпичке альтернативдүү курулуш материалы. Ал табигый материалдардан жасалган экологиялык таза продукция. Курулуш обьектилерин курууда арзан жана сапаттуу, жылуулукка туруктуу болот.
