Кытайда жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны каза болду
Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Иле-Казак автоном облусуна караштуу Кулжа шаарында жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 2003-жылы туулган О.К., аттуу жараны каза болду.
Кырсык 2026-жылдын 30-майында катталган.
Кытай тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматына ылайык, окуяга шектүү делген айдоочу кармалды. Учурда КЭРдин укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана себептерин ар тараптуу иликтеп жатышат.
Кыргызстандын элчилиги Кытайдын тиешелүү органдары, медициналык мекемелери жана маркумдун жакындары менен туруктуу байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Азыркы учурда дипломатиялык өкүлчүлүк маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин иштеп чыгууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп турат.
