Ошто Навои көчөсүнүн бир бөлүгү кеңейтилип жатат
5 ноябрь

Ошто Навои көчөсүнүн бир бөлүгү кеңейтилип жатат

Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн Алымбек датка көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, мэрдин тапшырмасына ылайык, 5 тилкеге ылайыкташтырылууда.

Бул жол асфальтталып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана ирригациялык лотоктор орнотулат.