Аскер кызматкерлеринин катышуусундагы каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө
Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу аскер кызматкерлеринин катышуусунда жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.
Алсак, 2025-жылдын башында кылмыштуу топтун 10дон ашуун мүчөсү борбор калаадагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээлерин күч колдонуу жана коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражаттарын тартып алышкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө, ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, ИИМдин атайын каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Т.К.И. аттуу жарандын катыштыгыбар экендиги аныкталган.
Кылмыш иштин алкагында шектүү катары сегиз адам кармалып, алардын үчөө аскер кызматкерлериболгондугу такталды.
Учурда кылмыш иштинтергөөсү уланууда.
