Бишкектин борбордук бөлүгүндө бүгүн түштөн кийин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет
www
1 июнь

Бишкектин борбордук бөлүгүндө бүгүн түштөн кийин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Эл аралык балдарды коргоо күнүн майрамдоого байланыштуу, 2026-жылдын 1-июнунда саат 16:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдик жолдорду колдонууну суранат.