Жылдыз Полотова эмгек министри кызматынан бошотулду
4 декабрь

Жылдыз Полотова эмгек министри кызматынан бошотулду

Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Полотова Жылдыз Арстанбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.