«Учкун» ААК автотранспорттук каражаттар үчүн мамлекеттик номер чыгаруу боюнча жаңы цехти ишке киргизди
19 сентябрь

«Учкун» ААК автотранспорттук каражаттар үчүн мамлекеттик номер чыгаруу боюнча жаңы цехти ишке киргизди

2025-жылдын 18-сентябрь күнү «Учкун» ачык акционердик коомунда автотранспорттук каражаттар үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоочу жаңы цехтин ачылышы болуп өттү.

Жаңы өндүрүштүк цех заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылып, эл аралык сапат жана коопсуздук талаптарына жооп берет.

Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

Мындан ары “Учкун” ААК жалпы республика алкагындагы унаалардын номердик белгилерин өндүрүүнү толук камсыздап, продукциянын сапатын жана өндүрүш процессинин ырааттуулугун камсыздамакчы.