Эмгек министрлиги: Жумушсуз жарандарды ишке орноштурган ишкерлерге 150 миң сомдон берилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь

Эмгек министрлиги: Жумушсуз жарандарды ишке орноштурган ишкерлерге 150 миң сомдон берилет

Кыргызстанда «Социалдык контракт» программасынын алкагында жаңы пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Ага ылайык, ишкерлерге расмий каттоодо турган бир жумушсуз жаранды ишке орноштурганы үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А. Алиясов «Социалдык келишим» программасынын натыйжалуулугун баалоого арналган тегерек столдо билдирди.

Пилоттук долбоор 12 айга эсептелген жана Бишкек, Ош, Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат.

Ишкерлерди тандоодо алардын туруктуу кирешесинин болушу, сунушталган эмгек акынын өлчөмү жана кызматкерлерди окутуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынат.

Мында талаптарга жооп берген талапкерлердин ичинен «Социалдык контракт» программасынын мурдагы катышуучуларына артыкчылык берүү пландалууда.

Эмгек министрлиги жаңы механизм кошумча жумуш орундарын түзүүгө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн расмий ишке орноштурууга жана алардын мамлекеттик колдоого болгон көз карандылыгын акырындык менен азайтууга өбөлгө түзөт деп күтөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, «Социалдык контракт » программасы 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет.

Беш жыл ичинде, анын ичинде 2026-жылы, өлкө боюнча аз камсыз болгон жана жакыр 60 миңге жакын үй-бүлө менен социалдык келишимдер түзүлгөн.

Катышуучулардын долбоорлорунун болжол менен 76 пайызы айыл чарба тармагына, 11 пайызы өндүрүшкө, 7 пайызы соодага жана 6 пайызы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келет.

Программанын катышуучуларынын 93 пайызын аялдар түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашашат.

Алгач социалдык контракттын алкагында көрсөтүлүүчү жардамдын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, программанын алгачкы катышуучуларынын ичинен 31 үй-бүлө жылдык кирешесин 1 млн сомдон ашырууга жетишкен.

Ошол эле учурда программанын натыйжалуулугу бир катар түзүмдөр тарабынан бааланууда. Эсептөө палатасы аудит жүргүзсө, Президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту өзүнчө талдоо даярдаган. Ал эми «Эрфольг» изилдөө компаниясы Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 2022-жылы программага катышкан үй-бүлөлөрдүн жетишкендиктерин изилдеген.

Министрликте белгиленгендей, талкуунун жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу, катышуучуларды тандоо, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана аларды коштоо иштерин жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу пландалууда