QR-коддорду жөнөтүшөт. Салык кызматы шылуундар схемасы тууралуу эскертет
30 октябрь

QR-коддорду жөнөтүшөт. Салык кызматы шылуундар схемасы тууралуу эскертет

Кыргызстанда алдамчылар жарандардын акчасын жана жеке маалыматтарын алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) атын жамына баштады. Алар телефон чалып же билдирүү жөнөтүп, салык карызыңыз же айып пулуңуз бар экенин айтып, аны тез арада төлөөнү талап кылышат. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын атынан жасалма каттарды жана төлөм жүргүзүү үчүн QR-коддорду жөнөтүшү мүмкүн.

Ведомстводон кабарлашкандай, салык кызматынын кызматкерлери сырсөздөрдү, ырастоо коддорун жана банк картасынын маалыматтарын сурашпайт. Телефон же мессенжер аркылуу акча которууну, салыкты же карызды төлөөнү, отчет тапшырууну талап кылышпайт.

Эгер сизге салык милдеттенмелериңиз аткарылбаганы, карызыңыз бар экени айтылып, ар кандай санкциялар менен коркутушса , алардын талаптарын дароо аткарууга шашылбаңыз жана сабырдуулукту сактаңыз.

Маалыматты Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу текшериңиз же салык органына кайрылыңыз. Мамлекеттик салык кызматына чалуу үчүн байланыш телефондору sti.gov.kg расмий сайтынын «Байланыштар» бөлүмүндө көрсөтүлгөн.

Алдамчылыкка туш болсоңуз, укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Зарыл болгон учурда 102 номерине чалыңыз.

Өзүңүздү шылуундардан коргоо үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактаңыз:

  • Шектүү шилтемелерди ачпаңыз.
  • Сырсөздөрдү, ырастоо коддорун жана банк картасынын маалыматтарын эч кимге бербеңиз.
  • Белгисиз адамдарга акча которбоңуз.
  • Маалыматты расмий порталдар жана сайттар аркылуу гана текшериңиз.