100 миң сом талап кылган. Бишкекте пара алууга шектелип ЖАМКтын тергөөчүсү кармалды 
видеодон алынган кадр
30 октябрь

100 миң сом талап кылган. Бишкекте пара алууга шектелип ЖАМКтын тергөөчүсү кармалды 

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылууга шектелип КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

2026-жылдын 27-октябрында Аскер прокуратурасына жаран М.Ш. арыз менен кайрылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери анын маселесин оңунан чечип берүү үчүн 100 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганын билдирген.

Козголгон кылмыш иштин алкагында, 60 000 сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен Б.Б. кармалган.

Шектүү Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.