Мадумаров Шакиранын концертине болгон кызыгуудан улам кыргыз коомун «оорулуу» деп атады
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров Бишкекте колумбиялык ырчы Шакиранын концертине карата жаралган ажиотажды комментарийлеп, кыргыз коомун «оорулуу» деп атады. Бул тууралуу ал журналист Эрнис Кыязовдун подкастында маек берип жатып билдирди.
Мадумаров чет элдик жылдыздын концертине баруу үчүн ондогон миң сом төлөөгө даяр адамдарды сынга алды.
«Коңшусунан, досунан калышпаш үчүн эле концертке чуркап жатышат. Бул эми өзүнө ишенбеген, комплекси бар, оорулуу коом болуп калды», — деди саясатчы.
Ошондой эле ал Шакиранын сахнадагы образын жана ырчылык чеберчилигин сынга алды.
Мадумаров концерттин билеттеринин баасына да токтолуп, айрым билеттер 40–44 миң сомго чейин жеткенин белгиледи.
Мындан тышкары, ырчынын миллиондогон долларлык гонорары тууралуу маалыматтарды эске салды. Бирок ал бул сумманы тастыктаган так маалыматтарды келтирген жок.
Саясатчынын пикиринде, мындай чыгымдар социалдык тармактар аркылуу оор дартка чалдыккан балдардын дарылануусуна каражат чогултуп жаткан кыргызстандыктардын абалы менен салыштырганда өзгөчө байкалат.
«Күн сайын энелер ыйлап, балдарын дарылатууга акча чогултууга жардам сурап жатышат. Миллиондогон долларды жарым жылаңач кызга бергендин ордуна, ошол адамдарга таратып беришсе болмок», — деди Мадумаров.
Ошондой эле ал коомду гана эмес, аны башкарып жаткан бийликти да «оорулуу» деп эсептей турганын айтты.
«Коом эле оорулуу эмес. Ошол коомду башкарып жаткан бийлик да оорулуу», — деди ал.
Мындан сырткары, Мадумаров Филипп Киркоров баштаган башка чет элдик аткаруучуларга кыргызстандыктардын кызыгуусун да сынга алып, белгилүү ырчылардын келишине коомчулук өтө эле ашыкча кубанарын белгиледи.
