Кибералдамчылык. Адис финансылык пирамиданын негизги белгисин атады
Кыргызстанда брокердик лицензия менен иштеп, жарандардын акчасын алдап алган ири компания аныкталды. Учурда анын иши тергөөдө.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Маматов белгилегендей, дүйнө жүзүндө жаңы технологиялардын пайда болушу алдамчылыктын жаңы түрлөрүн да көбөйттү. Учурда шилтеме, видеолор аркылуу алдамчылык схемасы жайылууда. Андан сырткары жаранга телефон чалып, өзүн кайсы бир мамлекеттик кызматтын өкүлү катары тааныштырып, айрым маалыматтарды суроо да жок эмес.
“Мисалы, жакында бир жагдай ачыкталды: бир ири компания 20 туундуу компанияларды ачып алып, Финкөзөмөлдүн брокердик лицензиясын коюп алышып, калкты финансылык пирамидага тартышкан. Мыйзам боюнча, калкка ар кандай финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн Улуттук банктын лицензиясы керектелет. Учурда бул компаниянын үстүнөн Улуттук банк, ИИМ менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, материалдарды өткөрүп бердик. Азырынча бул компаниянын атын атай албайм, тергөө уланууда”, - деди ал.
Айтымында, компания жарандардан 5 миллиард сомго чейин чогултуп алган. Жабырлануучулар 18 жаштан жогорку жарандар. Учурда компания өкүлдөрүнө өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынды жана алдангандардын каражатын кайтарып берүүгө аракет жасалып жатат.
Кайрат Маматов кандай учурда жарандар күмөн санашы керектигин тизмеледи. Айтымында, биринчи кезекте кыска мөөнөттө ири кирешени убада кылуу.
“Сизге кыска мөөнөттө жогорку киреше кепилдик берип жатышса, сак болуңуз. Бизнесте бизнесмен инвестор менен чогуу иш алып барганда, бир жылда 20-30 пайыз кирешеге чыгуу нормалдуу көрүнүш. А эгер сизге дароо эле 30-40 пайыз кирешени убада кылышса, бул реалдуу эмес”, - деди ал.
Ошондой эле Мамытов белгилегендей, калк менен финансылык аракеттерге Улуттук банктын лицензиясы бар коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар гана бара алышат.
