Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь
Ички иштер министри Улан Ниязбеков I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековду I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койду.
Милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн сыйлыкка татыды.
Мындан тышкары, I даражадагы «Манас» ордени Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге жана президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге да тапшырылды.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге «Эмгек Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
