Рыскулова: Аманат салууда алдамчылыкка кабылбаш үчүн Улуттук банктын лицензиясын тактоо керек
30 октябрь

Рыскулова: Аманат салууда алдамчылыкка кабылбаш үчүн Улуттук банктын лицензиясын тактоо керек

Коммерциялык банктардын же микрофинансылык уюмдардын аманаттарды сактоо боюнча Улуттук банктын лицензиясына ээлик кылаарын жарандар кантип аныктай алышат. Бул тууралуу Улуттук банкынын банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Перизат Рыскулова “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, кайсы банкка же финансы уюмуна кайрылбасын, жаран биринчи кезекте анда Улуттук банктын лицензиясы бары-жогун такташы керек. Ал үчүн Улуттук банктын расмий сайтында жана Финкөзөмөлдүн расмий сайтында реестр жайгашкан. Андан тышкары адис белгилегендей, эгерде лицензияга шек пайда болсо, аталган кызматтарга түз телефон чалып, тактоо мүмкүнчүлүгү да бар.

“Жарандар кодексинин 750-беренесинде аманаттарды тартуу маселеси каралган. Ага ылайык, аманат тартуу менен алектенген ар бир компания Улуттук банкка кайрылышы керек. Аманат тартуу укугун Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга жана кредиттик союздарга берген. Учурда бул жаатта Кыргызстанда 26 коммерциялык банк, 3 микрофинансылык уюм жана 3 кредиттик союз иш алып бара алат”, – деди ал.

Ал белгилегендей, Улуттук банктын лицензиясы жок уюмдар менен финансылык операция жүргүзүүнүн тобокелчилиги чоң.

Рыскулованын айтымында, кибералдамчылыкка банктар дагы көзөмөл жүргүзө алышат. Бул биринчиден Улуттук банк тарабынан текшерилет, андан тышкары ар бир коммерциялык банктын бул жааттагы кызматкерлери да карап турушу керек.

Ошондой эле жакында финансылык шылуунданды аныктоо боюнча коммерциялык банктарда антифрод-системасы иштеп баштады. Анын жыйынтыктары жакынкы аралыкта билинет.