Бишкекте эртең менен үч автобус жол кырсыгынан жабыркады
видеодон алынган кадр
30 октябрь

Бишкекте эртең менен үч автобус жол кырсыгынан жабыркады

Бишкекте муниципалдык автобустардын катышуусунда эки жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч жүргүнчү ташуучу автобус жабыркады. Кырсыктар борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев айдоочуларды жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу сынга алгандан көп өтпөй болду.

Кырсыктар тууралуу маалымат жана жабыркаган автобустардын сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланды.

Жибек Жолу проспектисинде №45 жана №11 каттамындагы автобустар кагылышкан. Алдын ала маалымат боюнча, №45 автобустун айдоочусу жүргүнчүлөрдү түшүрүп-отургузгандан кийин артка жүрүп, экинчи автобусту сүзгөн.

Дагы бир жол кырсыгы Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталып, анда жүргүнчү ташуучу автобус жеңил унаа менен кагылышкан.

Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда. Учурда эки кырсыктын тең жагдайлары иликтенип жатат.

Белгилей кетсек, 28-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык транспорттун айдоочулары менен жыйын өткөрүп, аларды жаңы автобустарга аяр мамиле кылууга чакырган.

Мэр эреже бузган айдоочулар айып пулдарды өз чөнтөгүнөн төлөй турганын, ал эми автобустар айып короого токтотулушу мүмкүн экенин эскерткен.

Мындан тышкары, ал коомдук транспортторго бирдиктүү WhatsApp номерин жайгаштырууну тапшырган. Ага жүргүнчүлөр айдоочулардын эреже бузуулары тууралуу билдире алышат.

Ошондой эле «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жаңы дайындалган директору Бактияр Болотбеков кызматка дайындалгандан беш күн өткөндөн кийин эле кызматынан бошотулган. Кадрдык чечимдин себептери азырынча такталган жок.

Мэрдин эскертүүлөрүнө жана көрүлүп жаткан чараларга карабастан, муниципалдык автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары уланууда.