Адылбек Касымалиевге «Эмгек Баатыры» наамы ыйгарылды
президенттин администрациясы
30 октябрь

Адылбек Касымалиевге «Эмгек Баатыры» наамы ыйгарылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевге Кыргыз Республикасынын «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасын ыйгарды.

Бул тууралуу мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка кол койду.

Жогорку артыкчылык даражасы Адылбек Касымалиевге Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги ири жетишкендиктери үчүн берилди.

«Эмгек Баатыры» наамы Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы болуп саналат. Ал мамлекетке жана элге сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылат.

Ошондой эле Садыр Жапаров аталган жарлык менен ири иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышкан бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.